Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуу үчүн Ак үйгө ат салышууда Хиллари Клинтонду жеңип чыкты.
Ал кубанычтуу колдоочуларына "Америка үчүн бөлүнүүнүн жарааттарын таңып, биригүүгө убакыт келди" деп билдирди.
Дүйнө жүзү шайлоонун күтүүсүз жыйынтыгына кандай реакция кылды:
- Хиллари Клинтон Трампка "лидерликке мүмкүнчүлүк" берилиши керектигин айтты
- Барак Обама жаңы президент өлкөнү бириктире алат деп үмүттөнөрүн айтып, бейшемби күнү Ак үйдө Трамп менен жолугушаарын билдирди.
- Американын айрым жерлеринде "Биздин президент эмес" деген нааразылык акциялары башталды
- АКШ доллары дүйнөлүк рыноктордогу башаламандыктан улам кескин төмөндөдү
- Трамп ITV News каналына берген маегинде анын жеңиши "кичинекей Brexit" сыяктуу болгонун айтты.
- Тереза Мэй аны куттуктап, АКШ менен Улуу Британия "күчтүү өнөктөштөр" болорун айтты
- Кентерберинин архиепискобу "АКШ эли үчүн тиленип жатканын" айткан.
Жарыяланган убактысы: 2020-жылдын 22-октябры
